АКШда 25-март күнү Алабама штатында болгон торнадо куюнунан беш адам каза болду. Бул тууралуу Кэлхун округунун башчысы Мэттью Уэйдге таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, бийлик ошол эле траектория менен жүрүшү мүмкүн болгон экинчи торнадодон коркуп жатат.
"Көптөгөн үйлөр жабыркады, бир нече адамдар жаракат алды жана беш адам каза болду", - деген Мэттью Уэйд.
25-мартта Алабама штатында он төрт, Миссисипи штатында торнадо куюну болгонун улуттук аба ырайы кызматынан билдирген. Торнадо Пелхем шаарындагы 30дан 50гө чейинки үйлөрдү жана курулуштарды зыянга учуратты. Торнадонун кесепетинен түштүк-чыгышта дээрлик 55 миң адам, анын ичинде Алабамада 36 миңден ашык адам электр жарыгысыз калды. Бийлик келтирилген зыянды баалоо жана жабыркагандарды издөө иштерин улантууда.