Беларуста нааразычылык акциясына катышкан 200дөн ашуун адам кармалды

Беларуста 25-март күнү укук коргоо органдарынын кызматкерлери нааразычылык акциясына катышкан 200дөн ашуун адамды кармашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн расмий булактарына шилтеме берүү менен дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Беларустун оппозициясы эгемендик күнүнө карата Александр Лукашенконун бийлигине каршы ири масштабдагы нааразычылык акцияларын жарыялаган. Бийлик демонстранттарды таркатуу үчүн Минск шаарынын борборуна полиция кызматынын күчөтүлгөн отряддарын тартканы маалымдалган.

Эске салсак, өткөн жылдын 9-августунда өткөн президенттик шайлоодо Лукашенко 80 пайыз добуш алып, жеңип чыккан. Бирок шайлоонун жыйынтыгына каршы болгондор алты айдан бери нааразычылык акцияларын уюштурууда. Митингчилер өлкө жетекчилигинин кызматтан кетишин, жаңы жана акыйкат президенттик шайлоону өткөрүүнү жана демонстранттарга зомбулук көрсөткөндөрдү жазалоону талап кылышууда.

Митинг учурунда он миңдеген адамдар кармалып, алардын көпчүлүгү изоляторлордо кыйноого кабылганын айтышкан. Ошондой эле коопсуздук кызматкерлери менен болгон кагылышууда төрт адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2021-03-26 13:42:53
Ырысына чычкан эл экен,буларда эки проблема бар 1-кантип арыктайм,2-автомобилин кай жерге коём.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан