Ван Гогдун "Монмартрдагы көчө көрүнүшү" аттуу сүрөтү 13 миллион еврого сатылды

Импрессионист сүрөтчү Винсент Ван Гогдун "Монмартрдагы көчө көрүнүшү" сүрөтү Париждеги аукциондо 13 миллион еврого сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, лот 13 миллион 91 миң 250 еврого сатылган, баштапкы баалоонун баасы бештен сегиз миллион еврого чейинки бааны түзгөн.

Ван Гог "Монмартрдагы көчө көрүнүшүн" 1887-жылы тарткан. Сүрөт 1920-жылдан бери жеке коллекцияда сакталып келген.

Июнь айында Париждеги Drouot аукцион үйүндө сүрөтчүлөр Винсент Ван Гог менен Поль Гогендин каты аукционго коюлган. 1888-жылы жазылган билдирүү сүрөтчүлөрдүн француз досу Эмиль Бернарга жолдонгон жана ал кат Ван Гог кулагын кескенден бир нече жума мурун жазылган.

2019-жылы импрессионист Винсент Ван Гогдун жан кечти куралы Париждеги аукциондо сатылары кабарланган. Эксперттер "Лефоше" револьверин 40-60 миң еврого баалашкан. Drouot аукцион үйүнүн кызматкерлеринин айтымында, дат баскан курал сүрөтчү өз жанын кыюуга аракет кылган жерден табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан