БУУ: "20 өлкө ачкачылыкка кабылуу алдында турат"

Дүйнөнүн 20 өлкөсү шашылыш түрдө азык-түлүк жардамына муктаж, болбосо алар ачарчылыкка дуушар болушат. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун расмий маалыматына таянып дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ачкачылык коркунучуна туш болгон өлкөлөрдүн көпчүлүгү Африкада жайгашкан. Бирок бул көйгөй Ооганстан, Сирия, Ливан жана Гаити үчүн дагы актуалдуу.

"Коронавирус пандемиясы 120 миллион адамды жакырчылыкка түртсө, 114 миллионго жакын адам жумушсуз калган. Ал эми дүйнөлүк экономика акыркы жүз жылдагы эң оор кризиске туш болду. Табигый кырсыктар, климаттын өзгөрүшү, айыл чарбасындагы көйгөйлөр курчуп, мунун бардыгы болуп көрбөгөндөй азык-түлүк тартыштыгын жаратууда. Ачкачылыктын алдын алуу үчүн согуштук аракеттерди токтотуп, калктын аялуу катмарына гуманитардык жардамдарды берүү жана ачкачылык менен күрөшүү үчүн 5,5 миллиард доллар чогултуу керек",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2021-03-26 12:46:19
Кудайга шүгүр бул тизменин арасында кыргыз өлкөсүнүн жоктугу
+7
Hanzada.sabih
2021-03-26 18:15:56
Баары мусулман өлкөлөр,ээ Аллахым эртерээк каафырлардан үстөм болууну насип эт!
0
karapayim
2021-03-27 08:30:34
Hanzada.sabih, кафурлардан устом болууну эмес. Озубуздун аманчылык, токчулугубузду тилесек эле жетиштуу. Устомдук болуу эгоистично!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан