Казакстандын эстрада жылдызы Кайрат Нуртас кайрадан чуулгандуу окуялардын чордонунда. Ал Алматыдагы карантиндик чектөөлөргө карабастан, ресторандардын биринде жашыруун уюштурулган тойго барган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Нуртас менен бирге иш-чарага белгилүү "МузАрт" тобунун солисти Кенжебек Жанабилов дагы катышкан.
Карантинге карабай жашыруун уюштурулган тойдо жылдыздардан тышкары жүздөгөн адам болгон. Мониторинг тобунун мүчөлөрү мыйзамсыз иш-аракеттерди бөгөттөгөнү келишкенде эреже бузуучулар эшикти жаап алып, инспекторлорду 3 саат бою ичкери киргизишкен эмес. Алар мекемеде электр жарыгы өчүрүлгөндөн кийин гана кирүүгө жетишкен.
Маалыматка ылайык, той мушташ менен аяктап, анда Алматы телеканалынын тартуу тобунун жабдыктары жабыр тарткан.
Түн ичинде райондук ички иштер бөлүмүнө 200 адам жеткирилген. Тартип бузгандарга 87 миң теңге айып салынган. Мекеменин ээси дагы административдик жоопкерчиликке тартылып, 670 миң теңге төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Кийинчирээк Нуртас бул окуя боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу комментарий берген. Анда ал "Кечээ биз бир улуу агамдын туулган күнүнө бардык. Балким, мени эле камакка алгысы келгендир, дегеле билбейм. Баары жакшы болсун", - деди ырчы Инстаграмдагы видеосунда.