Түркия Sputnik V коронавирус вакцинасын сатып алуу боюнча Орусия менен алдын ала сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожага шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
"Биз Sputnik V вакцинасын сатып алуу боюнча алдын ала сүйлөшүүлөрдү баштадык. Сыноолор аяктагандан кийин вакцина колдонууга жарактуу экени аныкталганда, аны массалык түрдө сатып алууга болот”, - деп айткан министр.
Анын айтымында, май айынын аягына чейин өлкө жалпысынан 100 миллион доза вакцина алат. Биринчи кезекте, сөз кытайлык СoronaVac жана америка-германиялык Pfizer/BioNTech жөнүндө жүрүп жатат. Февраль айында Орусиянын Түз инвестициялар фонду Түркияда Sputnik V өндүрүшүн локалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгын жарыялаган.