Египетте жүргүнчү ташуучу 2 поезд кагышып, 32 адам каза болду, дагы 66 адам жаракат алган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык Каирдин түштүк тарабындагы Сохаг провинциясында орун алган. Анда 3 вагон оодарылып кеткен. Кырсык катталган жерге 36 "Тез жардам" унаасы тартылган. Египеттин Башкы прокуратурасы териштирүү иштерин баштады. Ал эми өлкөнүн транспорт министри эки поезддин машинисттерин кармоого буйрук бергендиги айтылат маалыматта.