Казакстандын Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси Жандарбек Бекшин шаар тургундарына санитардык талаптарды сактоого (бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, киши көп топтолгон жерлерге барбоо) чакырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
"Алматы дагы деле "кызыл зонадан" чыга элек. Бул аймакта 12 миң 800 адамдан коронавирус илдети аныкталган. Коронавирустун мутацияланган штаммы жогорку көрсөткүчтө болууда. Коронавирустун мутацияланган штаммына алынган анализдин жыйынтыгына ылайык, анын жугуштуулугу 70 пайыздан жогору экендигин көрсөткөн. Дал ушул себептен акыркы убакта шаарда инфекция көп катталууда", - деген Жандарбек Бекшин.