Индияда коронавирус илдети менен ооругандар дарыланып жаткан госпиталда өрт чыгып, 11 адам каза болуп, 70дей адам ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Өрт өчүрүү кызматы адамдарды сактап калуу үчүн чоң жумуш жасады. Бирок оор абалда дем алдыруучу аппаратта жаткандарды сактап калууга мүмкүн болгон жок. Мен ал адамдардын жакындарынан кечирим сурайм", - деген министр Уддхав Теккерей.
Оорукана 5 кабаттуу соода борбордун үчүнчү кабатында жайгашкан. Министрдин айтымында, бул жай былтыр ачылган. Себеби Мумбаи шаарында коронавирус менен ооругандар үчүн орундар жетишсиз болгондуктан аталган жай ачылган.