Алматы шаарында күчөтүлгөн карантин узартылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшиндин жаңы токтому жарыяланды. Документ 28-мартта бүтүшү керек болгон 20-марттагы токтомду узартты. Ошондой эле буйрукка өзгөртүүлөр киргизилди. "Мектеп окуучулары, студенттер аралыктан окутуу форматына өтүшөт. Ата-энелеринин өтүнүчү боюнча 15 адамга чейинки балдардын саны менен орто мектептердеги 1 - 5, 9 жана 11-класстарда нөөмөттүк топтордо иштөөгө уруксат берилет. Орозо айында “ооз ачтыруу” жөрөлгөсүн көп киши чакырып өткөрүүгө, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына он кишиден ашык чогулууга тыюу салынат. Жума намазына мечиттерге жана чиркөөлөрдө жекшембилик жыйынга чогулууга да уруксат жок", - деп жазылат маалыматта.