Армениянын премьер-министри Никол Пашинян апрель айында отставкага кете турганын жарыялады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Пашинян мындай билдирүүсүн Арвамир облусунун Арагац айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда айткан.
«Апрель айында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн кызматтан кетем. Бул мезгилде премьер-министрдин милдетин аткаруучу бойдон кала берем. Эгер бизге ишеним көрсөтсөнүздөр, анда мурдагыдан жакшы кызмат кыла берем. Эгер андай болбосо, шайланган адамдарга ордумду бошотуп берем », - деген ал.
Арменияда кезексиз парламенттик шайлоо 20-июнга белгиленген.
Эске салсак, өлкөдө премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылган нааразычылык акциялары 10-ноябрдан бери уланып келе жатат. Буга Пашинян Азербайжан жана Орусиянын президенттери менен бирге Тоолуу Карабакта ок атышууну токтотуу жана багынып берүү жөнүндө үч тараптуу билдирүүгө кол койгону себеп болгон.