АКШнын Аляска штатында тик учак кулап, беш адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында Чехиянын эң бай адамы, миллиардер Питер Келлнер да бар. Окуя болгон жерге куткаруучулар келип, тирүү калгандарды табышкан. Алар ооруканага жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.
Аталган өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңеши тик учактын кулашынын себептерин иликтөөдө. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, алар тоого лыжа тепкени барышкан.