Француз кол башчысы Наполеон Бонапарттын чачы тагылган алтын медальон Францияда аукционго коюлду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, медальондун баштапкы баасы 1,5 миң евро (болжол менен 150 миң сомго жакын) болду. Аукцион 11-апрелде болмокчу. Наполеондун чачы тагылган медальондун биринчи ээси граф Эммануэль де Лас Кейзс болгон. Ал Наполеон менен кошо Ыйык Елена аралына сүргүнгө айдалган. Наполеондун чачы 1815-жылы HMS Northumberland кемесинде кыркылган. Аны граф сактап коюп, кол башчынын көзү өткөндөн кийин медальонго таккан.
Медальон менен катар сатып алуучуга 1815-жылдан тартып граф Кэйсстин жазып жүргөн каттары берилет.