Кубер-Педи - Австралиядагы Аделаида шаарынан 846 километр алыстыкта жайгашкан айыл. Бул айылдын тургундары жер алдына чуңкур казып, үй жасап алышкан. Өзгөчө шарттарда жашаган адамдар жердеген Кубер-Педи айылы жөнүндө кызыктуу маалыматтарды айтып беребиз.
Кубер-Педи айылы - Австралиянын түштүгүндөгү асыл таштарга бай аймакта орун алган. Бүгүнкү күндө Кубер-Пединин жергиликтүү калкынын 60 пайызы жер астында жашашып, аймак туруктуу өнүгүү жолунда бара жатат.
Кубер-Пединин тарыхы
Сизди ушунчалык ыңгайсыз кылган аба ырайын элестетип көрсөңүз? Кубер-Педиде жашагандар да ушундай башкача аба ырайынын улам жердин астында жашоону артык көрүшөт. Анткени аймакты жергиликтүү опал шахталарынан чыккан кызыл чаң каптап турат. Жергиликтүү тургундар мындай ыңгайсыздыктардан коргонуу үчүн бүтүндөй чыгармачылык күчүн жумшап, баш калкалоочу жайдан чиркөөгө чейин жер астына куруп чыгышкан.
Эң кызыгы, Кубер-Пединин башаты жер астына байланыштуу болгон. Болжол менен 100 жыл мурун жаш бала ошол жерден бир нече опал асыл таштарын таап алган. Ошол окуядан баштап регионго кенчилер агылып келе баштаган жана кыска убакыттын ичинде Кубер-Педи дүйнөдөгү эң ири опал ресурсуна айланды. Айыл 1970-1980-жылдары өнүгүүнүн жогорку чегине жеткен. Ал учурда дээрлик миңден ашык шахтёр болсо, азыркы күндө 100 гана шахтёр жашайт.
Кубер-Педиде кайра жаралуучу энергия долбоору
Кызыктуу жер астындагы айылдагы кайра жаралуучу электр энергиясы долбоору башкалардын көңүлүн буруп турат. 2017-жылы ишке кирген долбоорго ылайык, аймактын күнөстүү жана шамалдуу аба ырайын колдонуп, айылга керектүү энергиянын 70 пайызы өндүрүлөт. Ушундай жол менен айылдын көпчүлүк бөлүгү калыбына келүүчү энергиядан пайдаланышат. Мындан тышкары, Кубер-Педидеги күн батареялары Австралияны дүйнөнүн алдыңкы катарына кошууга жетишти.
Жай мезгилинде күндүн температурасы 53 градуска чейин чыгат. Кайра калыбына келүүчү таза энергия булагы шаарды жылытуу үчүн колдонулган солярканын ысыгынан жана түтүнүнөн аман-соо калууга мүмкүндүк берет. 10 жылдан бери опал тоо-кен тармагы жаңы жашоочуларды өзүнө тартып жатат.
Кубер-Пединин жашоочуларынын кызыктуу окуяларынан
53 жылдан бери Кубер-Педиде жашап, опал асыл ташын казуу менен алектенген Жон Данстан жер астында жашоого көнүп калгандан кийин кадимки үйдө жашагың келбей каларын айтат.
"Үйүбүздү жылытууга же муздатууга муктаждык жаралбайт. Жер астында жашоо тынч. 2018-жылы жайында күндүн температурасы 53 градуска чейин көтөрүлүп, адам чыдагыс ысык болду. Айрыкча, түндүктөн шамал соккондо тандырда жүргөндөй эле болосуң. Бирок бул ысыкты сезбедик, жер астындагы үйлөрүбүздө болдук", - дейт ал.
Кубер-Пединин дагы бир жашоочусу Жейсон Райт өзүнүн жер алдындагы үйүн төмөндөгүдөй сүрөттөйт: “Шахтада жасалган жер астындагы үйүм төрт бөлмөдөн турат, эки уктоочу бөлмөсү экинчи кабатта жайгашкан. Кубер-Педи - калыбына келтирүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө боло турган жер. Бул жерде сиз акча короткондун ордуна таап турасыз. Анткени биз казган ар бир жерден опал кени чыгат. Бул шаар опал кени менен белгилүү эмеспи".
Голливудду кызыктырган аймак
Табышмактуу Кубер-Педи айылы Голливуд кинотасмаларынан улам да белгилүү. Бул айылдын кызыктуу түзүлүшүнөн таасирленген продюсерлер жана режиссёрлор кинолорун ушул уникалдуу жерде тартууну туура көрүшөт. Айрыкча айылдагы ири уулуу жыландардын мекени болгон "Ай түздүгү" кинорежиссёрлордун эң жакшы көргөн жерлеринин бири болуп эсептелет.
Кубер-Педиде саякаттай турган жерлер
Кубер-Педиден жер астындагы чиркөөлөрдү жана сүрөт галереясын көрүүгө болот. Ошондой эле шаарда мейманканалар да бар. 19 бөлмөсү жер астында жана 31 бөлмөсү жер үстүндө жайгашкан Desert Cave отелинде жайында сыртта 45 градус болсо, мейманкананын ичинде 25 градус болот. Ал эми кышында сыртта 10 градус, ичинде 17 градус болот.
Жер астындагы терезелери жок бөлмөлөрдү туристтер укташ үчүн эң ыңгайлуу жайлардын бири катары мүнөздөшөт. Мындан тышкары, аймакты айлануу үчүн жөө турлар уюштурулат. Ар кандай турларга катышуу менен, шаардын тарыхын билип, опал казуу тууралуу да кенен билип алууга болот. Ошондой эле Кубер-Педиде гольф ойноочу аянтча бар. Бирок көп учурда аба ырайы абдан ысык болгондуктан көңүл ачуучу оюндар түнкүсүн өткөрүлөт.