Окумуштуу айыл чарба жана үй жаныбарлары коронавируска чалдыгышы мүмкүндүгү тууралуу эскертет

Эпидемиянын кийинки баскычы - айыл чарба жана үй жаныбарлары коронавируска чалдыгышы. Бул тууралуу орус окумуштуусунун билдиргенине таянып, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Коронавирус өзүнүн патогендик потенциалын али түшүнө элек. Бир жылдын ичинде биз жакшы вакциналардын жардамы менен адамзатты коргогондо, ал мезгилге чейин үй жаныбарларына жуккан болот. Демек, ушул козгогучтун очоктору биздин айланабызда ар дайым болуп турат, ошол эле учурда алар дагы эле өркүндөй берет", - деп билдирген орус окумуштуусу.
Анын айтымында, адамзат COVID-19 илдети менен узак мөөнөткө жанаша жашоого даяр болушу керек.
"Вирус ушундайча жаратылган, эгер сиз карандаш менен кандайдыр бир жугуштуу объект менен өз ара аракеттенүү жагынан адамзат үчүн эң жагымсыз вариантты тартсаңыз, анда SARS-CoV-2 чийилген болот", - деп белгилеген окумуштуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан