АКШда "Сэконд-хэнд" дүкөнүнүн кызматкери эски жемпирлерге оролгон 42 миң доллар акча каражатын таап алып, ээсине кайтарып берди

АКШда "Сэконд-хэнд" дүкөнүнүн кызматкери эки эски жемпирге кошо оролгон 42 миң доллар өлчөмүндөгү (3,5 миллион сом) акча каражатын таап алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын Оклахома штатындагы Норман шаарында жайгашкан "Сэконд-хэнд" дүкөнүнүн Андреа Лессинг аттуу кызматкери сатыкка чыккан кийимдердин арасынан 2 жемпирге кошо оролгон акча каражатын таап алган.
"Жемпирлердин ортосунда 100 долларлык купюралар салынган конверттер байланган. Алгач купюралар чыныгы эмес, жасалма деп ойлогом", - деген сатуучу. Жалпысынан ал 42 миң доллар эсептеген.Мындан тышкары, конверттерде ага ээсин табууга жардам берген документтер болгон.
Лессинг белгилегендей, анда акчаны өзүнө алып калуу азгырыгы чоң болгон, бирок ал "Менин кызым бар. Мен аны аябай жакшы көрөм жана анын жыргалчылыгын тобокелге сала албайм. Акчаны уурдоо тобокелге турарын билем. Эгер жакшылык кылсаң, ал кайра кайтып келет деп ишенем", - деп билдирген.
Жыйынтыгында ал акчаны ээлерине кайтарып берген, бирок белгисиз бойдон калууну тандаган акчанын ээлери кызматкердин чынчылдыгы үчүн сыйлык катары миң доллар (84 миң сом) берген.
Сатуучу акчаны ушул жайда кызынын туулган күнүн белгилөөгө жумшай тургандыгын айтканы жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tsunse
2021-03-29 23:19:17
Жакшы окуя болуптур, ошол акчага эки торпок алып жайлоого берип ир да
+1
stal.ks
2021-03-30 03:32:00
Бизде ошондой болсо барбы)))
-1
akmanai
2021-03-30 11:29:17
stal.ks,Дайыма башкалардын жаман жагын кыргыздарга салыштыра бересинер(((. Мисалы мен таап алсам бермекмин. Мен олум менен алышып, оорууну женген адаммын. Ошого да мен учун адамдык сапаттар бийик турат. Мага окшогон кыргыздар деле бар же оорубай сыркабаса деле адамгерчилиги бийик адамдар, кыргыздар толтура
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан