Пандемиянын арты менен 30 жыл мурун кулчулукка сатылып кеткен аял мекенине кайтты

Кытайда 30 жыл мурун кулчулукка сатылып кеткен вьетнамдык аял пандемиянын арты менен мекенине кайтты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ха Тхи Чиен аттуу аял 12 жашка чыкканда аны таанышы алдап Кытайга чакырып, чек арадан өтөрү менен жергиликтүү үй-бүлөгө сатып жиберген.
"Алар мени түнү менен сойку болуп иштөөгө мажбурлашты. Бул абдан басынткан. Мен көп жолу качууга аракет кылдым, бирок мени жакшы кайтарышты, ошондуктан менин бир дагы аракетим ишке ашкан эмес. Алар мени кармап камчы менен сабашкан", - деген ал. Үйүнө кайтуу ал үчүн куру кыялдай сезилчү. Бирок 2020-жылдын башында Кытайда коронавирус пандемиясынын башталышынан улам ал качып үйүнө кайтып барган.
"Биз, дагы бир кулчулукка сатылып кеткен вьетнамдык кыз качуунун жолун таптык. Алгач качкандан корктум, бирок ал "биз баары бир өлөбүз, андан көрө үйгө кетем деп жатып өлүп калган жакшы" деп мени качууга аракет кылууга көндүрдү", - деген ал.
Алар беш күн бою токой аралап өтүп, Вьетнам менен чек арага жетишкен. Чек арачылар азык-түлүк жана бир аз акча берип, өз үйүнө, Фу Тхо провинциясына кайтып барышы үчүн, аялдамага алып барышты. Бирок 30 жыл Кытайда жүрүп, эне тилин унутуп калгандыктан адашып кеткен. Полиция кызматкерлери анын аты-жөнүн аныктап, үйүнө кайтуусуна жардам берген. Атасы кызын көрүп көргөң көзүнө ишене алган эмес. Ал эми кызы эне тилин эстей албагандыктан, атасына эч нерсе айта алган эмес.
Ошондой эле ал төртүнчү класста окуп жаткан жээнинин жардамы менен вьетнам тилин кайрадан үйрөнгөн.
Учурда ал ата-энеси менен чогуу жашайт, тоок жана буйвол багат. Кайрадан вьетнам тилинде жазууну үйрөнгөндө ата-энесине жардам берүү үчүн жумуш табууну пландап жатат деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2021-03-30 08:47:59
Кытайдан өткөн начар адам жок, акмактар.
+1
Kombi
2021-03-30 20:01:53
Кытайда мумкун коптур андай кулга сатылгандар, алданып. Белгисиз жок болгон даже кыргыздар бардыр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан