Түркия COVID-19 илдетинин көбөйүшүнө байланыштуу чектөөлөрдү кайрадан күчөтүүдө
Түркия COVID-19 илдетинин көбөйүшүнө байланыштуу чектөөлөрдү кайрадан күчөтүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган COVID-19 инфекциясы менен ооругандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу өлкөдө коменданттык саат кайрадан күчөтүлөрүн жарыялады. Дем алыш күндөрү чектөөлөр өлкөнүн калкынын 80 пайыздан ашыгы жашаган 58 провинцияда кайрадан киргизилип жатат. Жумуш күндөрү саат 21:00дөн таңкы 5:00гө чейин коменданттык саат өлкө боюнча сакталып турат. Кооптуу аймакка Стамбул, Анкара, Анталия, Измир жана Түркиянын көпчүлүк башка провинциялары кирет. Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы бир нече провинциялар тобокелдиктин төмөнкү жана орто зонасында.
Өлкө лидери кафе жана ресторандарды кардарлардын саны 50 пайыздан ашпаган көлөмдө иштетүүгө уруксат берген. Ал эми коменданттык сааттын убагында алар үйгө жеткирип берүү кызматы менен алектенишет.
Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирус инфекциясы менен ооруган адамдардын саны 31 230ду түздү, бул декабрь айынын башынан берки эң жогорку көрсөткүч.