Беларустун Башкы прокуратурасы өткөн жылы президенттикке талапкер жана оппозиция лидери Светлана Тихановскаяны теракт уюштурууга айыптап, кылмыш ишин козгоду. Тихановская Беларустун жашоочуларын Александр Лукашенконун режимине каршы нааразычылыктарына чакырып келген. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, тергөөчүлөр Тихановская ByPol демилгелүү тобунун өкүлдөрү менен биргеликте Минск жана башка шаарлардын аймагында жардырууларды жасоого аракет кылган дешүүдө. Бирок оппозиционерлер бул айыптоону четке кагууда.
Светлана Тихановская өткөн жылы шайлоодон кийин дароо Литвага кетип калган.
Эске салсак, Беларустагы массалык нааразычылык акциялары өткөн жылдын август айында президенттик шайлоодон кийин башталган. Митингчилер бийликти демонстранттарга ырайымсыздык менен мамиле кылууда деп айыптап, президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.
Укук коргоочулардын айтымында, нааразычылык акцияларын токтотууда кеминде сегиз адам курман болгон.