Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон КНДРди ракета учурганы үчүн айыптаган Түштүк Кореянын президентин менменсинген жана каардуу америкалык тоту куш деп атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Эмгек партиясынын борбордук комитетинин бөлүм башчысынын орун басары Түштүк Кореянын саясатчыларынын билдирүүлөрүнөн "таң калганымды жашыра албай жатам" деп баса белгилеген. "Бул чындыгында уятсыздыктын туу чокусу" деди Ким Ё Чжон. Ал 2020-жылдын июль айында Түштүк Кореянын лидери коргонуу куралдарын мактагандыгын эске салды.
Анын айтымында, Пхеньян менен Сеул окшош баллистикалык ракеталарды учурушкан, бирок Түштүк Корея Корей жарым аралындагы тынчтык жана диалог үчүн өзүнүн сыноолорун зарылчылык деп атаган, ал эми Түндүк Кореяныкын тынчсызданууну пайда кылган жана диалог чөйрөсүн татаалданткан жагымсыз иш-аракет деген. "Мындай цинизмге таң калбоо мүмкүн эмес", - деп баса белгиледи Ким Ё Чжон.