Кытайда суу алдындагы эң узун тоннель ачылат

Кытайда 2021-жылдын аягына чейин суу алдындагы эң узун автоунаа тоннелин ачуу пландалууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Узундугу 10,8 чакырым жана туурасы 43,6 метр болгон тоннель Кытайдын чыгышындагы Тайху көлүнүн астында курулуп жатат. Бул жалпы узундугу дээрлик 44 чакырымды түзгөн Чанчжоу-Уси унаа жолунун уландысы болот.

Долбоорду ишке ашырган курулуш компаниясы суу алдындагы тоннелдин курулушун 2018-жылдын январь айында баштаган. Азыркы учурда объекттин фундаменталдык плиталардын курулушу аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Agayu
2021-03-30 17:26:08
Булар кайсыл доордо жашап жатышат ??
+1
Kudi
2021-03-31 00:34:44
Agayu,суунун үстүнө гес куралбай жүрсөк булар суунун алдына жол салыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан