Орусиянын Биринчи каналынын алып баруучусу Екатерина Стриженова түз эфир учурунда жыгылып түшкөн видео жарыяланган.
Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына абалы тууралуу жазды. "Мен тирүүмүн, наркоздон кийин калыбыма келдим. Кечээ биздин студияда мен мүдүрүлүп учуп кеттим, башым менен да катуу жыгылдым. Негизги сокку колго тийди. Колум көз алдыбызда аябай шишип кетти", - деп жазды ал.