Орусияда жаныбарлар үчүн коронавируска каршы "Карнивак-Ков" аталышындагы вакцинасы өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарбасын көзөмөлдөө органынын вице-президенти Константин Савенковдун билдиргенине таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, вакцинанын клиникалык сыноолору 2020-жылдын октябрь айында башталып, сыноодон ит, мышык, түлкү, булгун жана башка жаныбарлар өткөн.
"Изилдөө учурунда вакцинанын зыяны жок экендиги аныкталган. Эмделген жаныбарлардын баары ооруга каршы антитело иштеп чыгып, иммунитети алты ай бою коргоодо болгон. Препаратты көп өлчөмдө чыгаруу апрель айында башталат. Бул вакцинаны Греция, Польша жана Австрияга жеткирүү пландалууда", - деп жазылат маалыматта.