Орусиянын Ленинград аймагында 15 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелип, 31 жаштагы Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган кылмышка шектүү жаранды полиция кызматкерлери 10 күндөн ашык убакыт бою издешкен. Акыры аталган аймакта "Перехват" операциясы киргизилген.
"Издөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү жаран аймактан чыгып кеткени белгилүү болгон. Ал Ленинград аймагынын Луга шаарында кармалган", - деп жазылат маалыматта.