1-апрель – эл аралык күлкү күнү. Бул күндүн келип чыгышы тууралуу кандай версиялар бар?

1-апрель - Күлкү күнү. Бул күн маанилүү майрамдык даталардын катарына кирбейт, бирок бул күндү майрамдабаган эл жокко эсе. Анткени 1-апрелде көңүл ачуу, тамашалашуу жана бири-бирин алдоо салты көптөгөн өлкөлөрдө бар. Аны "акмактар күнү", "акылсыздар күнү" деп да аташат.

Майрамдын так келип чыгышы боюнча түрдүү пикирлер бар. Версиялардын биринде бул майрамдын келип чыгышы Байыркы Римге барып такалат. Ал жерде февраль айынын ортосунда (апрелдин башында эмес) күлкү майрамы майрамдалган. Байыркы Римде Апулей алдамчылар күнүн күлкү кудайынын урматына уюштурулган деп эсептешкен.

Башкалар бул майрам байыркы Индияда пайда болгон деп ырасташат, анда 31-мартта тамашалар майрамдалган. Ошондой эле ирландиялыктар гана 1-апрелде Жаңы жылдын урматына тамашалашкан деген божомол бар. Исландиялык сагалар 1-апрелде алдоо салтын кудайлар Тиас кызы Скадеяны эскерүү үчүн киргизишкен деп айтышат.

Алгач Индия менен Байыркы Римде 1-апрель күн менен түн теңелген күн катары белгиленип келген деген версия да бар. Жаз жаңы жылына карата тамашалар жана күлкүлүү фокустар менен майрамдык салтанаттар уюштурулчу. Ошентип адамдар жаратылыштын жазгы жоруктарын тамашалар менен жайгарууга аракет кылышкан.

Дагы бир версия боюнча, күлкү майрамы 1582-жылы Рим Папасы Григорий XIII киргизген Григориан календарына өтүү менен байланыштуу. Орто кылымдарда жаңы жыл марттын аягында белгиленип келген - Жаңы жылдык жума 25-мартта башталып 1-апрелде аяктаган. XVI кылымдын ортосунда Король Карл IX Францияда Жаңы жылды 1-январга жылдырып, календарда реформа жүргүзгөн, бирок көпчүлүк 1-апрелди майрамдоону улантышкан. Ошол күнү бири-бирине белек тартуулаган адамдарды Апрелдин Акмактары деп аташкан. Мына бул тамашалардан 1-апрель күлкү күнү катары саналып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nur-sultan
2021-03-31 21:28:24
Бул күн харам. Динде жок нерсе
+5
zhazgul98
2021-04-01 00:02:54
Nur-sultan,
Бул кун эч кандай харам эмес. Харам деп сени айтса болот. Бул кун эл аралык майрам
-6
zhazgul98
2021-04-01 10:23:51
Nur-sultan,
Динде жок деп эле жаңы нерсенин бардыгын четке кагып, ой жүгүртүүнү чектебеш керек. Динге тиешеси жок көрүнүштөрдү терс кабыл ала берүү аягы жамандыкка алып барат.
-2
Reebok-citi
2021-04-01 02:25:21
Бул күн кадимки эле кудай берген күн
+5
zhazgul98
2021-04-01 10:20:18
1 апрель күнүңөр менен куттуктайм. Кулку - бул улуу күч. Күлкү - ачууну жеңүүчү эң күчтүү курал. Баардык адамдарды күлкү бириктирет. Жакшы күлүү ден-соолукка пайдалуу кылат. Эң бактысыз адам күлбөй өлгөн адам.
-5
Haanykeim
2021-04-01 10:50:19
Каяктагы майрам..Акмактардын майрамы..
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан