
Аргентинада окумуштуулар динозаврлардын жаңы түрүн табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, динозавр түштүк жарым шарда жашаган Абелисавриддер түрүнө кирет жана түндүк жарым шарда кеңири тараган тиранозаврлардын эквиваленти болгон. Болжол менен 80 миллион жыл мурун жашаган жана азыркы Патагония аймагындагы ири жырткычтардын бири болушу мүмкүн (анын узундугу 5 метрге чейин). Калдыктар Аргентинанын Ла Инвернададагы белгилүү казып алынган жердин жанындагы Баджио-де-ла-Карпа формациясынан табылды.
Динозаврлардын бул түрү Африка, Индия, Антарктида, Австралия жана Түштүк Америкага бөлүнгөн Гондвананын түштүк субконтинентинде жашаган. Жаңы динозаврдын өзгөчөлүгү - ортоңку кулактын ичиндеги кичинекей арткы аба толтурулган синус.