Пакистандын президенти Ариф Алви вакцинанын биринчи компоненти менен эмделгенден кийин коронавирусту жуктуруп алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
"Менден COVID-19 илдети аныкталды. Вакцинанын биринчи дозасын алгам, бирок антителолор экинчи дозадан кийин пайда болот, аны бир жумадан кийин алмакмын. Суранам, сак болуңуздар", - деп жазган ал.