Канадада өлүмгө алып келген табышмактуу оору аныкталды

Канадада дарыгерлер мээнин олуттуу, табышмактуу оорусу башталганын билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул оорунун белгилери катары эс-тутумдун начарлашы, көзүнө бир нерселер көрүнүү (галлюцинация), булчуңдардын арыкташы жана көздүн көрүүсүнүн начарлашы. Адистердин айтымында, оорунун беш учуру бейтаптардын өлүмүнө алып келген. Учурда теги белгисиз оорунун 43 учуру катталды. Белгилери Крейцфелдт-Якоб оорусуна окшош болсо дагы, скринингдин натыйжалары прион теориясын четке какты. Бейтаптар алгач түшүнүксүз оору, карышуу жана жүрүм-турум өзгөрүүлөрүнө даттанышкан жана бул белгилер тынчсыздануу же депрессия деп чечмелениши мүмкүн.
Бирок 18-36 айдан кийин бейтаптар когнитивдик функциялар төмөндөп, булчуңдар атрофиясы, тиштери түшүп, айрым бейтаптардын көзүнө бир нерселер көрүнүп (галлюцинация) баштаган.
2015-жылы бул оорунун 1 гана учуру катталган, бирок анчалык коркунуч туудурган эмес. Бирок 2019-жылы 11, 2020-жылы 24 учуру катталган.
Окумуштуулар бул оору экологиялык факторлор менен байланышта болуп, жугуштуу эмес экендигин аныкташкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chikabek
2021-04-01 12:37:35
Баары бир Аллахтан! Аллахтан эскертуу келип жатат болбосо европалыктар Америка Канада кудайды тааныбай баратышкан!
0
mirlanpiter
2021-04-01 12:56:36
Телефондун зыяндуу толкундары да болушу мүмкүн,биз адамдар телефонсуз бир кадам баса албай калдык...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан