Тажикстанда Түндүк Корея менен Түштүк Кореяны айырмалай албаган чиновник кызматынан алынды

Түндүк Кореяны Түштүк Кореядан айырмалай албаган Тажикстандын саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык коргоо министринин орун басары Самариддин Ализода ээлеген кызматынан бошотулду. 18-мартта Ализода Тажикстанда вакцинаны колдонууга арналган атайын пресс-конференцияга даярдыксыз келип, социалдык тармактын колдонуучуларынын нааразычылыгын жараткан.

Бул тууралуу Тажикстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Мындан улам Самариддин Ализоданы ээлеген кызматынан бошотуу боюнча өкмөттүн токтомуна президент Эмомали Рахмон кечээ, 31-мартта кол койду.

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин атын атагысы келбеген булагы билдиргендей, Ализода маалымат жыйынына даярданбагандыгы үчүн кызматтан алынган.

"18-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрүнүн катышуусу менен атайын пресс-конференцияда Тажикстан AstraZeneca вакцинасын башка өлкөлөрдүн мисалынан улам баш тартууга ниети жок экендиги жарыяланды. Бирок Самариддин Ализода пресс-конференциянын конокторун тааныштырып жатып министрдин орун басары ДСУнун туруктуу өкүлүнүн жана ЮНИСЕФтин Тажикстандагы өкүлүнүн башчысынын аты-жөнүн эстей албай койгон. Мындан тышкары ал Түштүк Корея менен Түндүк Кореяны чаташтырып, экөөнүн бири-биринен айырмасы жок экенин белгилеген.

Социалдык тармактын колдонуучулары министрдин орун басарын шылдыңдап, журналисттер менен жолугушуудан кийин социалдык тармактардагы мемдердин жана тамашалардын "баатырларына" айландырышты.

Самариддин Ализода өткөн жылдын май айында коронавирус инфекциясына каршы күрөш жүрүп жаткан учурда Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министринин орун басары болуп дайындалган. Ал 55 жашта, Ализода медицина илимдеринин доктору, ардактуу профессор", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gulina90
2021-04-01 11:45:51
Бизге окшоп иштей берсе болбойт экенда а
0
Baktiyar731
2021-04-01 12:07:23
Макалё болуптур да
+2
Jaraisyn
2021-04-01 13:12:49
Таң калыштуу, демек биздин УКМК төрагасына айткан алардын экс министринин сынын көңүлгө албай койсо деле болот экен.
+1
tihonkg
2021-04-01 14:21:53
жамшуттарга боооберет))))
+1
Jibakana
2021-04-01 17:08:51
Биздикинде мындай закон болсо депутаты чиновники эч Ким калбай камак го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан