Өзбекстанда Шавкат Мирзийоевди кемсинткендерди жазалай турган мыйзам иштелип чыкты

Мындан ары Өзбекстандын телекоммуникация же интернет тармактарына президент Шавкат Мирзийоевди кемсинткен, жалаа жабуу иретинде айтылган маалыматтар жарыяланбашы керек. Ал үчүн жаранга 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Өзбекстандын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, бул норма Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдө камтылган.

"30-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев ушул беренени ишке ашырган "Өзбекстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Кодекс ошондой эле жарандарды коомдук тартипсиздикке жана зомбулукка чакыргандыгы үчүн жоопкерчиликти карайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
zhazgul98
2021-04-01 10:34:01
Мыйзамдын өтө катаалдыгы - бул өтө адилетсиздик.
+7
Aky12
2021-04-01 11:32:49
Бизде да ушул сыяктуу мыйзам иштеп чыгыш керек, олко башчыны сыйлап, бир адамды уксак анан онугуу жолуна тушобуз,уйдо деле атанын созун укпай,балдарын ар кимиси ар нерсени айта берсе уй булоо бузулат
+3
nazira...
2021-04-01 11:37:51
Aky12,мен сага 200% кошулам
-4
bayern-munchen
2021-04-01 12:14:20
Aky12,эн туура
-4
munduz2016
2021-04-01 13:12:24
Aky12,кошуламын.
-5
AruuKasi
2021-04-01 12:16:47
Басмырлоо, адилетсиздик ар ким оз оюун айтууга укуктуу узбектерде как всегда ушундай болуп келген и боло берет....
+11
zam81
2021-04-01 12:31:58
Тилин кан чыгарбай кескендей эле кылганго
+2
Zumrudianka
2021-04-01 17:10:56
Садыр Нуркожоевичда ушундай закон кабыл алыш керек, баш которгонду тилин сайратканды жазалай бериш керек ошондо колунан б келбеген сынчылар азайып, Жапаров ойлогон ой максатына жетип Кыргызстанды онуктуруп тынч иштейт.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан