Буга чейин Казакстандын Алматы шаарында 19 жаштагы кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү көпчүлүктүн үрөйүн учурган. Окуя 19-март күнү болгон.
Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, 19-мартта кыз жумуштан чыгып, ошол бойдон жашаган жерине кайтып келген эмес. Алгач аны жигити издеп баштаган. Ал кыздын туугандарына кабарлап, анан полицияга кайрылышкан.
Кыздын өлүмүнө байланыштуу жаңы жагдайлар тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө эле "мен кыздын этин жеген эмесмин" деп билдирген.
"Кылмыш жасалган батир шектүүнүн байкесиники. Маркум кыздын денесинин бөлүктөрү жана ички органдары муздаткычта жана баштыктарда болгон. Мындан сырткары муздаткычта кыздын териси да бар болгон. Шектүү терисин сыйрыган экен. Кыздын денесинин бүт бөлүктөрү табылган жок, анткени шектүү алардын кайсы бир бөлүгүн таштандыга ыргытканга жетишкен", - деп билдирген подполковник Рустам Абдрахманов.
Экспертизанын алдын ала жыйынтыктарынан шектүү кылмышты кылып жаткан маалда өзүнүн кылып жаткан ишине жооп бере турган абалда болгону, башкача айтканда ал психикалык жактан жабыркабай турганы белгилүү болгон.
"Шектүү Куранды жакшы билет экен. Мындан ары да Ислам динин изилдегиси келерин билдирди. Сурак учурунда шектүү өз жазасын өтөп бүткөндөн кийин өзүнүн кылган катачылыктары тууралуу айтып, жаштарды дин жолуна чакырып, эч качан мындай ишке барбоого чакырарын айтты", - деген өз маегинде Абдрахманов.