"Евровидение" сынагына көрүүчүлөрдүн кирүүсүнө COVID-19га карата тапшырган анализинин жыйынтыгы менен гана уруксат берилет

"Евровидение" сынагына көрүүчүлөрдү киргизүүгө COVID-19 үчүн ПЦР тестинин анализинин жыйынтыгы менен гана уруксат берилиши мүмкүн. Бул тууралуу "Евровидение" ыр сынагынын аткаруучу директору Мартин Остердалдын билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Нидерланды өкмөтүнүн бул чечимин жана күйөрмандарды бизге кошулууга чакыруу мүмкүнчүлүгүн кубаттайбыз. Учурда бардык варианттарды карап чыгып, келерки жумаларда элди кандайча коопсуз кабыл алабыз, эгер кырдаал уруксат берсе, кененирээк маалымат беребиз. Иш-чарага катышкан ар бир адамдын ден соолугу жана коопсуздугу биздин биринчи кезектеги милдетибиз бойдон калууда", - деп билдирген "Евровидениенин" аткаруучу директору Мартин Остердал.
Белгилүү болгондой, иш-чарага катышууга уруксат алуу үчүн көрүүчүлөр COVID-19 үчүн ПЦР тестинен өтүшү керек деп белгиленет. Учурда иш-чарага Нидерландынын гана тургундары чакырылган. Эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе, жокко чыгарылышы мүмкүн.
"Евровидение" ыр сынагы 18-22-май аралыгында өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан