"Апрель айынын ичи кырдаал өзгөрбөсө кадр алмашат". Касым-Жомарт Токаев Казакстан эмдөө көрсөткүчтөрү боюнча артта калганына нааразы
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев республиканын эмдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү боюнча алдыңкы мамлекеттерден кыйла артта калганына нааразы. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Касым-Жомарт Токаев коронавирус инфекциясына каршы чараларды көрүү боюнча жыйында: "Иммундаштыруу темпи боюнча биз алдыңкы мамлекеттерден кыйла артта калдык. Бүгүнкү күндө 47 миңге жакын адам эмдөөдөн өтүштү (биринчи компоненти 137 миң 346 адам).
Мындай кырдаалдын себеби жөнөкөй - вакциналардын жетишсиздиги”, - деди ал.
Ошондой эле ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысына кайрылып, апрель айында эмдөөнүн тездетүү мүмкүн болбосо, өкмөттөгү кадрдык өзгөрүүлөр болорун билдирди. "Апрель айынын ичинде сиз кырдаалды өзгөртүшүңүз керек. Болбосо, кадрдык чечим кабыл алынат, бул сизди бир топ кабатырлантат. Бул саламаттыкты сактоо министрине гана эмес, жалпы өкмөткө дагы тиешелүү", - деген ал.
Ал коронавирус инфекциясына каршы эмдөө процессинин кечеңдеши абстракттуу көйгөй эмес экендигин белгилеген. "Бул биздин жарандардын арасындагы кошумча оору жана өлүм. Бул жоголгон ишкердик кирешелер, бюджеттен алынган салыктар жана жалпы улуттук байлыктын төмөндөшү", - деген ал нааразычылыгын билдирип.
Казакстанда COVID-19 оорусун 297 миң 472 адам жуктуруп, 3 миң 232 адам көз жумган.