
1-апрель тамашасы Брюсселдеги "Бойс де ла Камбре" сейил багында массалык башаламандыкка жана полиция менен адамдардын кагылышуусуна алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Брюсселде март айынын башынан бери социалдык тармактарда 1-апрелде "Бой-де-ла-Камбре" шаардык сейил багында музыкалык фестиваль өткөрүлөт деген маалымат тараган. Маалыматта иш-чарага Европанын ар кайсы бурчунан келген 200дөн ашуун ди-джей, ал тургай Лондондон, Парижден жана Амстердамдан коноктор келери, ошондой эле көрүүчүлөр үчүн акысыз болору айтылган. Бирок жарыяларда бул тамаша деген бир катар ишараттар камтылган. Мисалы, фестивалдын датасы 1-апрель, иш-чара карантин учурунда өтүп жаткандыгы жана аткаруучулардын аттарында Бельгиянын белгилүү министрлеринин жана саясатчыларынын ысымдары аталган.