"Ухан вирусу": 2-апрелге карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 129 миллион 465 миң 881 адам жуктуруп алды

Бүгүн, 2-апрелге карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 129 миллион 465 миң 881 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 73 миллион 373 миң 907 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 825 миң 940 адам илдеттен каза болгон.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 30 миллион 538 миң 515 болду. 553 миң 120 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Ал эми Бразилия өлкөсү экинчи орунда. Бразилияда 12 миллион 839 миң 844 адам вируска кабылган. 325 миң 284 бейтап көз жумса, 11 миллион 240 миң 213 бейтап оорудан сакайды.

Үчүнчү орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 12 миллион 221 миң 665 адамдан аныкталды. 162 миң 927 адам каза болсо, 11 миллион 474 миң 683 бейтап айыкты.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан