Бразилияда лотереянын жеңүүчүсү банктан утушун алып кетүүгө келбегендиктен, 28 миллион доллардан кол жууду. Кайрылуу мөөнөтү 1-апрель күнү аяктаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, бул сумма лотерея жеңүүчүлөрүнөн калган эң ири сумма болду. Байге ойнотуунун эрежелери боюнча, эгерде лотерея билетинин бактылуу ээси 90 күндүн ичинде утуш үчүн келбесе, анда акча каражаты жогорку билим берүүнү каржылоо фондуна жөнөтүлөт.
Жаңы жылдык лотереянын жекпоту байге ойнотуунун тарыхындагы эң ири сумма болуп, 57 миллион долларды түзгөн. Ал экиге бөлүнүп, эки катышуучуга берилмек. Утушка ээ болгондордун бири өз убагында банкка кайрылып, акчасын алып кеткен.