Учурда Түндүк Кореяда тогуз гана чет элдик элчилик иштеп жатат. Өлкөдө көптөгөн дипломатиялык өкүлчүлүктөр өз миссиясын токтотууда. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 12 мамлекеттин элчилиги Түндүк Кореяда дипломатиялык миссиясын токтотту. Мындай кадамга алар өлкөдө коронавирус пандемиясынын кесепетинен жаралган олуттуу чектөөлөрдүн жана товарлардын жетишсиздигинен улам барышкан.
"Улуу Британия, Венесуэла, Бразилия, Германия, Италия, Нигерия, Пакистан, Польша, Чехия, Швеция, Швейцария, Франция мамлекеттеринин өкүлчүлүктөрү өлкөдөн чыгып кетти", - деп жазылган маалыматта.
Мындан сырткары чет элдик жарандар Пхеньянды таштап кетүүгө аргасыз болушууда. Анткени борбор калаада товарлар жана дары-дармектер жетишсиз болуп, өз убагында медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк жок.