Биринчи орунда Тик-Ток. 2021-жылы эң көп жүктөлгөн мобилдик тиркемелер аныкталды

Бул жылы Тик-Ток эң көп жүктөлгөн мобилдик тиркемелердин башында турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мындан тышкары эң көп каражат сарптаган жана эң көп колдонуучу тиркемелер дагы аныкталды.

Колдонмолордун статистикасына көз салып турган изилдөө компаниясы 2021-жылдын биринчи чейрегинин отчётун жарыялаган.

Компаниянын отчётуна ылайык, Тик-Ток эң көп жүктөлгөн тиркемелердин башында турат. Тик-Ток тиркемесинин колдонуучулардын саны эки жылдан бери тынымсыз көбөйүп келе жатат. Кээ бир өлкөлөр бул тиркемени колдонууга тыюу салганына карабастан, кыска убакыттын ичинде 1 миллиард колдонуучу жүктөгөн.

Алдыңкы бештикте Фейсбук компаниясынын үч тиркемеси бар. Фейсбук тиркемеси 2ни, Инстаграм 3тү жана Whatsapp 5-орунду ээлеген. Телеграм болсо 4-орунду алган.

Youtube эң көп акча сарптаган тиркемелердин арасында лидер. Google'дун Youtube кызматынан кийин Tiktok, Tinder, Disney + жана Tencent Video тиркемелери турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан