Жамгырда жана суукта 72 саат жүргөн. Канадада токойдо жоголуп кеткен бала тирүү табылды

Канаданын Онтарио штатындагы Кингстон шаарынын жанындагы токойдо үч жашар бала жоголуп, үч күндөн кийин тирүү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 28-март, жекшемби күнү 3 жаштагы Жуд Лейтон токойго жакын жайгашкан үйүнөн чыгып адашып кеткен.

Полиция кызматы жана куткаруучулар иттерди, тик учактарды жана суучулдарды колдонуп баланы издөө иштерин уюштурушкан. Издөө иштери жакынкы токой жана суу объектилеринде жүргүзүлгөн.

31-март, шаршемби күнү түштө полиция кызматы издөө тобунун саны кыскарганын жарыялагандан бир саат өткөндөн кийин укук коргоо органдарынын төрт кызматкери баланы табышкан. Лейтон үйүнөн бир чакырым алыстыктагы көлмөнүн жанында уктап жаткан.

"Тез жардам" кызматынын дарыгерлери баланы текшерип, ооруканага жеткиришкен. Баланын абалы канааттандырарлык.

Жамгырда жана суукта 72 сааттан ашык токойдо жүрүп, баланын тирүү калганына полиция кызматкерлери таң калды. Алар бала аба ырайына ылайык кийингенин белгилешти. "Ал кышкы күрмө жана жүндөн токулган жемпир кийип жүргөн" дешкен полициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан