АКШда мектеп окуучулары ок атуу боюнча машыгып жаткан учурда курбусун атып алышты

АКШда мектеп окуучулары ок атуу боюнча машыгуу учурунда досун кокустан атып алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 17 жаштагы Кэндис аттуу кыз жана башка өспүрүмдөр курбуларынын биринин короосунда тапанча атуу менен машыгып жатканда орун алган. Ок кызга тийип, алган жаракатынан улам ал көз жумган. Ал эми полиция кызматкерлери кырсык мектеп окуучуларына коопсуздук чаралары талаптагыдай түшүндүрүлбөгөндүктөн улам болду деп эсептейт.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө, полиция кызматкерлери өспүрүмдөрдү айыптаган эмес.
23-мартта АКШнын президенти Жо Байден Конгрессти дагы бир жолу күч-аракетти күчөтүүгө чакырды. Ошондой эле ок атуучу куралдарга көзөмөлдү күчөтүү жана алардын айрым түрлөрүн колдонууга тыюу салды. Буга Колорадо штатындагы окуя себеп болгон. Бул бир жуманын ичинде АКШдагы экинчи массалык ок атуу болду. Биринчи окуя он адамдын өмүрүн алып кетти, экинчиси - Жоржия штатындагы Атланта шаарында болгон атышуу - сегиз адам каза болду.
Сурамжылоолорго ылайык, америкалыктардын 70 пайызга жакыны курал алып жүрүүгө катуу чектөөлөрдү киргизүүнү колдошот.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан