Samsung компаниясы гармошка сыяктуу бүктөлө турган смартфондун үстүнөн иштеп жатат

Samsung компаниясы эки жерге бүктөлө турган смартфондун үстүнөн иштеп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Samsung буга чейин Galaxy Z Fold жана Galaxy Z Flip смартфондорун чыгарган, алар экрандын ичине карай бир жерге бүктөлөт, ал эми алардын өлчөмдөрү ар башка. Жакында Galaxy Z Fold 3 аталышында эки жерге бүктөлө турган смартфон чыгарат.
Учурда Samsung мындай смартфондун эки вариантын карап жатат. Биринчи варианты терезелердеги жапкычтар кандай принцип менен жабылса, ийкемдүү экран толугу менен ошол сыяктуу жашырылган, ошондуктан сыртта эскертмелер үчүн кошумча экран талап кылынат.
Экинчи вариант аккордеон сыяктуу бүктөлүүнү камтыйт, ал эми негизги экрандын бир бөлүгүн сыртта калтырат, буга кошумча дисплейдин кереги жок, бирок заманбап бүктөлүүчү телефондорго караганда шайманды жоонураак кылат.
Samsung компаниясы ушул жылдын ортосунда расмий түрдө Galaxy Z Fold 3 моделин сатыкка чыгаруу алдында турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан