COVID-19 пандемиясы жарым жылдан бир жылга чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдардын бакубаттуулугун коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) клинико-аналитикалык башкармалыгынын директорунун орун басары Наталья Пшеничная билдиргени жергиликтүү басылмаларда жазылды.
"Өткөн жылы окумуштуулардын математикалык эсептөөсүнө ылайык, пандемия жарым жылдан бир жылга чейин созулары айтылган. Азыркы учурда окумуштуулардын эсептөөсү туура чыкканы көрүнүп турат. Оптимисттик прогнозго жараша пандемия жарым жылда, пессимисттик прогнозго ылайык бир жылдан кийин аякташы мүмкүн. Пандемиянын жогоруда айтылган 2 прогноздун кайсы жагдайында аякташы жарандардын санитардык талаптарды сакташынан көз каранды", - деген Наталья Пшеничная.