Өзбек президентинин кызы Саида Мирзийоева этно стилдеги сүрөттөрүн жарыялап, элдин мактоосуна татыды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин кызы Саида Мирзийоева улуттук образдагы сүрөттөрүн Фейсбук баракчасына жарыялады. Ал Өзбекстандын ар кайсы аймагынын улуттук стилдеги кийимдери менен фотосессия кылган. Мирзийоева салттуу кийимдердин беш түрүн кийип көрсөткөн.

Социалдык тармактын колдонуучулары өлкө башчынын кызынын сүрөтүнө суктануу менен карап, мактоо сөздөрүн жаадырган.

Шавкат Мирзийоевдин улуу кызы Саида Мирзийоева Улуттук масс-медианы өнүктүрүү жана колдоо боюнча коомдук фонддун камкордук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштейт. Ал Ойбек Турсуновго турмушка чыккан. Алардын Миромон, Шавкат аттуу эки уулу жана Саодатхон аттуу кызы бар. Мирзийоева социалдык тармактарды активдүү колдонот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Rachki
2021-04-05 12:39:14
Жакшы саамалык. Башкалар ич кийимин көрсөтүп чыгышат.
+6
janym_balam
2021-04-05 13:09:29
Rachki,Аташканын кызыбы?
+8
bek.94
2021-04-05 13:16:41
Кана биздикилер Кыргызбыз Кыргызча кийинбейби деп айткандар кийинишсин улуттук кийимди жабык кийинген кыздарга асылбай
+4
aslan_akjol89
2021-04-05 13:49:43
Стриптизге тушкондорго сабак болсун!
+3
zhazgul98
2021-04-05 14:37:05
Эми муну чындап келгенде дайыма кийбейт бул сулуу айым. Копчулук учурда эркектер, айымдар Европа стилинде кийинишет. Анткени Европа бул стандартык кийим тигишет жана тыкаан болуп адамга жарашат. Илгери Орто Азия элдери шалбыраган кийимдерди кийишчи. Жашоо озгорсо салт кошо озгорот. Кийим адамдын экинчи териси демекчи, адамдын сырткы келбети чон роль ойнойт. Ошондуктан тыкаан, жарашыктуу кийим тандаган жакшы.
-6
zhazgul98
2021-04-05 14:41:07
Менимче бул кыз хиджаб кийген озбек кыздарга эскертуу катарында кийип чыкса керек. Себеби хиджаб Орто Азия элдеринин салтуу баш кийими болгон эмес да.
+1
Sakubek
2021-04-05 15:23:20
Оозу ботекис экен
0
Egizderim-baktim
2021-04-05 21:58:16
Соонун суроттор экен, озунун салттуу кийимдерин корсотуп. Биздин сулуучу трубаны кучактап бийлеп мактанып. Уят эле болуп дуйно элине
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан