Дубайда топ кыздар энеден туума жылаңач болушуп фотосессия уюштурушту. Эми алар 6 айга камалышы мүмкүн

Дубайдын Марина аймагында асман тиреген имараттын балконунда жылаңач болуп сүрөткө түшкөн кыздар коомдук бузукулукка айыпталып кармалды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 3-апрель күнү интернетте ондон ашык жылаңач аялдын балкондо тизилип турганын көрсөткөн видеолор жана сүрөттөр тараган. Дубайдын полициясы бул окуяга тиешеси бар бир топ адамды камакка алып, алардын иши мамлекеттик прокуратурага жиберилгенин билдирген.

"Бул өтө начар жүрүм-турум. Эмират коомунун баалуулуктарына жана этикасына туура келбейт", - деп айтылган полициянын билдирүүсүндө.

Маалыматта кыздар Орусиянын, Украина, Молдавия жана Беларустун жарандары экендиги жазылат. Бириккен Араб Эмирлигинин мыйзамдары боюнча, фотосессиянын бардык катышуучуларына 1350 доллардан айып пул салынат же 6 айга камакка алынат.

Бириккен Араб Эмирлиги Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин арасынан либералдуу өлкө катары каралганы менен, сөз эркиндигине байланышкан катуу мыйзамдары бар. Жарандар интернеттеги комментарийлери жана видеолору үчүн камалат. Ошондой эле ири порнографиялык сайттарга кирүүгө тыюу салынган. "Адеп-ахлакка туура келбеген иш аракеттер" үчүн жарандар алты айга чейин камакка алынып, 5000 AED ( болжол менен 115 миң сом ) өлчөмүндө айып пул төлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Ozgocho111
2021-04-05 16:43:21
Шерменделер...
+5
Talantus
2021-04-05 17:44:16
Ичинде Отунбаева жок бекен.
+16
Kombi
2021-04-05 18:00:29
Talantus,
+3
portugalia
2021-04-05 18:36:30
Тообо,олуп эле калбайсынарбы?
+2
Marni
2021-04-07 17:50:52
portugalia, бирөөгө өлүм тилегиче өзүңө өмүр тиле.
0
Tyty1990
2021-04-05 19:29:59
Булар теңирчилер. Светтик жашоону каалагандар.
-1
Marni
2021-04-07 17:52:43
Tyty1990, вам то какая разница, кто они?! Вы за собой лучше проследите.
-1
munduz2016
2021-04-05 21:08:13
Атың чыкпаса жылаңач болуп сүрөткө түш болуптур бул жагы)))
0
alym21
2021-04-05 22:06:06
Ушул жерде чач жайдыргыч бироо бар элего,ошону да кошуп койуш керек
+4
33SUUN
2021-04-05 23:22:52
alym21,Баарынын чачы жайылуу,сулуу корунушот экен деп кайра кайра караса керек экен деп кой...
0
Zumrudianka
2021-04-07 03:25:42
alym21,оа бар bondo деген. Ал жокко чё то
0
Nur-sultan
2021-04-06 07:00:18
Дубайда мажбурлап сойкулукта кармалган кыздар балким ушул ыкма менен чыгып кетүүнү ойлошкондур.
+2
Altyn10076
2021-04-06 09:39:58
Пулуңар сонун экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан