Узак жашоо үчүн күнүнө 5 маал тамактануу керек. Ал 2 порция жемиш, 3 порция жашылча колдонуудан турат. Бул тууралуу орусиялык эксперттер жергиликтүү басылмаларга билдиришкен.
Ага ылайык, жашылча-жемиштерге бай рацион жүрөк кан-тамыр ооруларынын, залалдуу шишик дартынын жана башка илдеттердин пайда болуусун алдын алат. Дени сак жашоо бул - узак жашоону камсыздайт. Ал үчүн күнүнө 5 порция жашылча-жемиш колдонууну адатка айлантуу керек. Ал эми жашылча-жемишти өлчөмдөн көп колдонуу анын эффективдүүлүгүн азайтат. Окумуштуулардын айтымында, бардык жашылча-жемиштердин узак жашоо үчүн пайдалуулугу бирдей эмес. Мисалы, нокот, жүгөрү жана картошка жүрөк кан-тамыр ооруларынын пайда болушун алдын албайт. Ден соолуктун чың болушуна шпинат, цитрус жемиштери, жер жемиштер жана сабиздин салымы чоң экендиги айтылат маалыматта.