Орусиянын президенти эми 2 мөөнөткө шайлана алат. Владимир Путин президенттик шайлоо тууралуу мыйзамга кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин азыркы өлкө башчыга дагы эки мөөнөткө талапкерлигин коюуга мүмкүндүк берген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам Орусиянын Конституциясынын жаңы жоболорунун бирин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анда мөөнөттөрдүн санынын чектелиши учурдагы мамлекет башчысына мурдагы президенттик мөөнөтүн эске албастан колдонулат деп жазылган. Конституцияга кирген өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн дагы бир катар буйруктарга кол коюлган. “Орусиянын президентин шайлоо тууралуу” мыйзамда президенттик кызматты эки мөөнөттөн ашык ээлеп туруу боюнча жазылат.

Өзгөртүүлөрдөн кийин азыркы президент дагы эки мөөнөткө шайлануу үчүн талапкерлигин коё алары жана ага мурдагы мөөнөттөр кошулбай турганы маалым.

Мыйзамда Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамдын ченемдери дагы такталган. Анда жазылгандай, оор кылмыштар үчүн соттолгондор соттуулугу алып салынган күндөн тартып беш жыл бою депутаттык мандат алуу үчүн кайрыла алышпайт.

Мыйзам Орусиянын Мамлекеттик Думасы тарабынан 21-мартта жана 31-мартта кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан