Зеленский менен Жонсон Донбасстагы кырдаалды талкуулашты

Украинанын президенти Володимир Зеленский менен Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Донбасстагы кырдаалды телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда талкуулашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Президент Британ өкмөтүнүн башчысына Донбасстагы кырдаалдын курчушу, Украина менен Орусиянын чек арасына жакын жерде Орусиянын аскер контингентинин курулушу жана Орусиянын Минск келишимдеринин аткарылышын үзгүлтүккө учуратуу аракети жөнүндө маалымдады", - деп айтылат билдирүүдө.

"Орусиянын иш-аракеттери Украинанын, НАТОго мүчө мамлекеттердин жана бүткүл Европанын коопсуздугуна олуттуу шек келтирип жатат" деген Зеленский. Ал ошондой эле Улуу Британияны жана башка альянс мамлекеттерин аймактагы өкүлчүлүктөрүн бекемдөөгө жана Орусияга каршы санкциялык кысымдарды күчөтүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан