АКШда коронавирустун кош мутация түрү аныкталды

АКШда буга чейин Индияда аныкталган кош мутациялык коронавирустун жаңы түрүн жуктурган биринчи бейтап катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Стэнфорд клиникалык вирусология лабораториясынын адистери вирустун бул варианты Сан-Франциско булуңунан табылганын тастыкташкан. Алардын айтымында, учурда индия штаммына дагы шектүү жети учур текшерилип жатат.

24-мартта Индияда кош мутациясы бар коронавирустун жаңы түрү табылганы белгилүү болгон. "Өлкөдө коронавирустун башка бир катар варианттары менен кошо жаңы кош мутация түрү табылды" деп айтылат аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Азырынча бийлик мутациялардын пайда болушу, Индиянын айрым штаттарында оорулардын тез көбөйүшү тууралуу толук маалыматка ээ эмес.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан