"Майтыдагы талаш жер эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо процессинде чечилет" дейт өкүлчүлүк

Лейлек районунун Майты участкасындагы 2,67 гектар жер боюнча окуя эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо процессинде чечилүүчү маселе.

Маселе Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн Майты жерлигиндеги 2,67 гектар үлүш жери жөнүндө болууда. Бул үлүш жер Тажикстан менен чектеш аймакта жайгашкан.

2005-жылы аталган аймакта 32 гектар суулуу жер Жогорку Кеңеш тарабынан трансформация болуп, анын 24 гектары үлүшү жок жергиликтүү тургундарга үлүш катары бөлүнүп берилген (8 гектары айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун балансында калган).
Анын маселе болуп жаткан 2,67 гектар тилкеси үлүш жер катары жергиликтүү тургунга бөлүнүп берилген. Ал жарандан дагы башка жергиликтүү тургун ижарага алып, 2017-жылга чейин Тажикстан Республикасынын жарандары менен биргеликте иштетип келген, бирок акыркы үч жылдан бери чек аранын такталбагандыгынан, аталган жер Кыргыз-Тажик жарандарынын талаш тартышын жараткандыктан, иштетилбей келет.

Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан таратышты.

Бүгүн, 6-апрелде жергиликтүүлөр маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакырышып, түз эфир аркылуу чыгып, аталган жер аянтында кайрадан жер айдоо иштерин улантышарын айтышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын кадастр кызматтарынын карталарынын дал келбестиги, маселе жаратып жаткан 2,67 гектар жер аянты делимитация жумуштары жасалбаган, тактала элек аймак экени аныкталган.

"Буга чейин Өмүрбек Суваналиев аталган аймакка барып, маселе менен жеринде танышып келген. Ыйгарым укуктуу өкүл, өкмөттөр аралык чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясынын кабыл алынган протоколдорун аткарууга алуу, мыйзамдуу иш-аракет болорун айткан жана эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмаларды койгон.

Андан соң эки тараптын акимдери, кадастр кызматтары жолугуп, жер иштетүү жумуштарын токтотуу жана эки тарап тең маселе жараткан 2,67 гектар аймакка кирбей турууну макулдашкан.

Алдыда бул жер аянтын пайдаланууну токтотуп туруу же Тажик жарандары менен биргеликте пайдалануу маселесин кароо зарылчылыгы турат.

Орун алган окуяга байланыштуу чек арада ок атуулар боюнча айтылган маалыматтар жалган, ок атуулар болгон жок жана буга чейин да болгон эмес.

Бул боюнча чек ара кызматы жана тийиштүү органдар расмий маалымат беришти. Аймакта абал тынч.

Ал эми облустук милиция жана УКМК кызматкерлери, провокациялык мүнөздөгү маалымат тараткандар боюнча тийиштүү иш-аракеттерин башташты", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан