Дубайда энеден туума жылаңач кыздарды сүрөткө тарткан орусиялык фотограф Бириккен Араб Эмирликтеринен качып кетти

Дубайдагы имараттардын биринде энеден туума жылаңач кыздарды сүрөткө тартууга шектелген петербургдук фотограф Александр Тен Орусияга качып кетти. Бул тууралуу чет элдик булактарда жазылды.

Маалыматка ылайык, Дубайдын укук коргоо органдары тарабынан аталган фотосъемканын уюштуруучусу катары кармалган Алексей Концов убактылуу кармоочу жайында. Ал эми Александр Тен кармалган Алексей Концов менен тааныш эместигин, чуулуу фотосъемкага эч кандай тиешеси жок экендигин билдирген. Кийинчерээк IT-ишкер Алексей Концов бул чуулгандуу окуяга катыштыгы жок экендиги жана фотосъемка учурун кошуна имараттан видеого тартып алганы айтылган.

Буга чейин Дубайдын Марина аймагында асман тиреген имараттын балконунда жылаңач болуп сүрөткө түшкөн кыздар коомдук бузукулукка айыпталып кармалгандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KGZ-RUS
2021-04-06 21:16:02
Кысталактыкы ал жакта биздин кыздар жок бекен

0
sultan89
2021-04-07 05:43:36
KGZ-RUS,биздиклер жок болушуга эч ким гарантия бералбай калды ))
-2
XATSAN125
2021-04-15 23:27:15
KGZ-RUS,Кат башында болсо керек
0
Asmat84
2021-04-07 07:07:37
Аларды жылаңач кылып эмнеге тартат десең, М А көрө элексинбей
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан